Октябрь райондук администрациясынын залында Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев Элдик Курултайдын делегаттары менен жолугушту.

Жыйынга ошондой эле Элдик Курултайдын катчылыгынын башчысы Мыктыбек Абдылдаев, мэрдин орун басарлары, төрт райондун акими жана башкалар катышты.

Борбор калаанын мэри делегаттар тарабынан көтөрүлгөн ар бир маселе көзөмөлгө алынып, алар боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүп жатканын белгиледи.

Бүгүнкү күндө Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан административдик-аймактык реформанын алкагында масштабдуу иштер аткарылып, бюджетти көбөйтүү, жерге мунапыс берүү ж.б.иштер жүргүзүлүүдө.

Шаардын жолдорундагы унаа тыгындарын чечүү үчүн Ош базарын жана автобекеттерди шаардын четине көчүрүү иштери уланууда.

Учурда Бишкек шаарынын административдик-аймактык реформасына жана чек арасын кеңейтүүгө активдүү даярдыктар көрүлүүдө.

Жайында суунун тартыштыгы кайталанбашы үчүн муниципалитет тарабынан «Башкара-Суу» суу сактагычтарын реконструкциялоо иштери жүргүзүлүүдө. «Орто-Алыш» суу алгычында илимий-изилдөө иштери жүргүзүлүп, 30 жылдан бери тазаланбай келген кайра толтурулган көлдөрдүн түбү тазаланды.

Мындан тышкары, калаа  башчысы узак мөөнөттүү капиталдык жолдорду оңдоо артыкчылыктуу багыттардын бири экенин кошумчалады.

Жыйындын катышуучулары турак жай-коммуналдык чарба тармагындагы көйгөйлөрдү чечүүнү, ошондой эле социалдык жана жер маселелерин талкуулашты. Жеринде шаардык кызматтарга тиешелүү тапшырмалар берилди.

Элдик курултай социалдык-экономикалык маселелерди чечүүдө, жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоодо жана руханий-адептик жактан өнүгүүдө маанилүү курамдык бөлүгү болуп саналат.

Бишкек шаарынын мэриясы борбор калаанын тургундары жана коноктору үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө бардык күч-аракетин жумшайт жана бардык демилгелерге ачык.