2024-жылдын 13-14-мартында Бишкек шаарынын мэриясы мэр Айбек Джунушалиевдин төрагалыгы алдында Ленин жана Октябрь райондорунун активдери менен Бишкек шаарынын 2024-жылга бюджетинин долбоору боюнча коомдук талкуу өткөрдү.

Ошондой эле борбор калаанын үстүбүздөгү жылдагы бюджетин угууга Бишкек шаарынын мэринин орун басарлары, Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары, райондук администрациялардын башчылары жана муниципалитеттин ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрүнүн башчылары катышты.

Бүгүнкү күндө Бишкек шаарынын 2024-жылга бюджети төмөнкү параметрлер боюнча түзүлүп, Бишкек шаарынын мэриясынын сайтына жарыяланды:
Бишкек шаарынын 2024-жылга консолидацияланган бюджети трансферттерди эсепке алуу менен 32 501 814,8 миң сом өлчөмүндө болжолдонууда, анын ичинен:
1) Бишкек шаарынын жергиликтүү бюджети 24 660 712,3 миң сом, анын ичинен:
- салыктык кирешелер боюнча – 16 063 880,5 миң сом;
- салыктык эмес кирешелер боюнча - 2 396 831,8 миң сом;
- активдер жана милдеттенмелер боюнча – 6 200 000,0 миң сом;
2) республикалык бюджеттен максаттуу трансферттер - 6 973 016,4 миң сом (автобустарды сатып алууга 4 339 202,6 миң сом, Бишкек шаарынын билим берүү мекемелеринин эмгек акы фондусунун чыгымдарын жабууга 2 578 870,3 миң сом, 1-тиркемени эске алуу менен жана 54 943,5 миң сом «Коопсуз шаар»);
3) административдик-аймактык реформага ылайык кошулуучу айыл аймактарына - 868 086,1 миң сом.


2024-жылдын 15-мартында Биринчи май жана Свердлов райондорунун активдери менен коомдук талкууларды өткөрүү пландалууда.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгынын негизинде, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы №52 токтомуна ылайык, администрациялык- аймактык реформа, пилоттук мезгил аяктаганга чейин бюджетти бекитүү ыйгарым укуктары шаар мэрлерине берилди.